Кара-Балтада түтүнгө ууланып 52 жаштагы киши каза тапты

Өрттүн эмнеден чыкканы белгисиз
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кара-Балта шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирден өрт чыгып, 52 жаштагы киши түтүнгө ууланып каза болгон. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бөлмөдөгү 10 чарчы метрде жайгашкан үй буюмдары күйгөн.

Өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатат.