БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бүгүнкү күнү Россияга экспорттолгон кыргыз товарларынын 80 пайызы өлкө рыногуна ээн-эркин чыгат. Бул тууралуу КР вице-премьери Замирбек Аскаров билдирди.
Ал ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан Кыргыз-Россия аймактар аралык "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу сегизинчи конференцияда сөз сүйлөдү. Аталган иш-чара Кыргызстандын Экономика министрлиги менен Россиянын Экономикалык өнүгүү министрлиги тарабынан уюштурулуп, 500-600дөй киши катышууда.
Вице-премьер Россия федерациясы Кыргызстан 2015-жылы ЕАЭБге кирип жатканда 200 миллион доллар өлчөмүндө каржы жагынан жардам бергенин белгилеп, жыл сайын берип келе жаткан финансылык көмөгү өсүп жатканын айтты.
"Кыргызстандын 2015-жылы ЕАЭБге кириши туура болгон. Аны менен катар көп тармактуу кызматташуунун жаңы тармактары ачылды", — деди ал.
Аскаров өз сөзүндө Кыргызстан мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү экенин айтып, иштейм дегендерге бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи.