БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети менен Россиянын геологиялык холдинги 1 миллиард 200 миллион долларлык келишимге кол койду. Бул туурасында аталган комитеттин жетекчиси Эмил Осмонбетов билдирди.
Келишимге Бишкекте өткөн Кыргыз-россиялык аймак аралык VIII конференциянын алкагында кол коюлду.
"Кеп аймактарды изилдеп чыгуу боюнча көлөмдүү тизме, кен чыккан жерлерди издөө жана аймактарды суу менен камсыздоо туурасында жүрдү. Бул геологиялык тармак менен минералдык-серьелук базаны толтурууга чоң түрткү болот. Кыргызстан эгемендик алгандан бери тоо-кен тармагына мындай көп көңүл бурулган эмес", — деп айтты Осмонбетов.
Анын айтымына караганда, компания геологиялык чалгындоо иштеринин бардык түрлөрүн жүргүзө алат. Алар катуу кендер жана аны менен кошо эле углеводороддук сырьелор.
Холдинг бул иштерге жаңы технологияларды колдонууга ниеттенип жатат. Финансылоо Евразиялык өнүктүрүү банкынын, Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча евразиялык фондусунун, гранттардын эсебинен болмокчу.
"Биздин милдеттердин бири — өлкөнүн түштүк тарабын суу менен камсыздоо. Бул багытта көп иштер жасалмакчы", — деди Сучков.
Ал биринчи орунда алтын чыккан жана башка кендерди издөө иштери болорун айтты.
Негизинин аймак аралык конференциянын алкагында 1,5 миллиард долларлык 12 макулдашууга кол коюлду.
Эске салсак, бул иштер Россия лидери Владимир Путиндин 28-мартта Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында болду.