Владимир Путин бүгүн кыргыз-орус ЖОЖдорунун ректорлоруна кайрылды

Россия лидеринин кайрылуусун РФ президентинин аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыш боюнча башкармалыгынын башчысы Владимир Чернов окуп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин кыргыз-орус ЖОЖдорунун ортосунда түз диалог билим берүү жана илим чөйрөсүндө өз ара алаканы өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк берерин белгилеген. Бул туурасында ал Бишкекте өтүп жаткан "Илим жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестициялар" аталышындагы I форумдун катышуучуларына жасаган кайрылуусунда айткан.

Эске салсак, аталган иш-чара Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өтүүдө.

"Кымбаттуу достор! Сиздерди Россия менен Кыргызстандын ЖОЖ ректорлорунун "Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция" деп аталган I форумдун ачылышы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Ушул сыяктуу иш-чаралар, албетте, абдан зарыл. Эки мамлекеттин жогорку окуу жайларынын ортосунда түз диалог билим берүү жана илим чөйрөсүндө өз ара алаканы өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү берет, салт катары Россия — Кыргызстан стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин олуттуу негизин түзгөн эки тараптуу гуманитардык байланыштарды чыңдоого өбөлгө түзөт", — деп белгилеген Путин.

Россияда студенттер үчүн бюджеттик орундун квотасы көбөйүшү мүмкүн
Россия лидери интеллектуалдык, маданий жана руханий жалпы мурастарды кантип сактап жана байытуу жөнүндө бирге ойлонуу өтө маанилүү экендигин айткан.

"Сиздердин дискуссиялар кызыктуу жана мазмундуу болуп, Россиянын жана Кыргызстан ЖОЖдорунун кызматташтыгынын жаңы формаларын жана ыкмаларын аныктоого жана эки өлкө элдеринин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөөгө өбөлгө болот деп ишенем", — деген Путин.

Аталган "Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция" аттуу I форум Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган мамлекеттик сапарынын алкагында уюштурулган.

Форумдун максаты — эки мамлекеттин ортосунда илимий жана билим берүү боюнча кызматташтыкты кеңейтүү.

Жээнбеков ректорлор форумунда орус тилинин макамы туурасында айтты
Форумга Россиянын илим жана жогорку билим берүү министри Михаил Котюков, Россиянын агартуу министри Ольга Васильева, Россиялык ректорлор союзунун президенти Виктор Садовничий жетектеген 40 жогорку окуу жайдын өкүлдөрү келген.

Ал эми Кыргызстан тараптан билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, КРдин жогорку окуу жайларынын ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев баштаган 31 ЖОЖдун ректорлору катышууда.

Россия менен Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын ортосундагы биргелешкен программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруу, кызматташуу боюнча эки тараптуу 79 келишимге кол коюлмакчы.