БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан Жер-Үй алтын кенин иштетүүдөн жарым миллиарддан ашык каражат таба алат. Бул тууралуу кенди иштеткен "Альянс Алтын" ЖЧКнын башкы директору Михаил Шубин "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында билдирди.
"Кенди иштетүүдөн 2043-жылга чейин бардык структуралар менен фонддорго 535 миллион доллардан кем эмес каражат которулат", — деди Шубин.
"Долбоордун баасы — 273 миллион доллар, анын 92 миллиону жумшалды. Быйыл долбоорду ишке киргизүү үчүн дагы 180 миллион доллар бөлүүнү пландап жатабыз. Курулуш иштерин аяктоо мөөнөтү — ушул жылдын декабрь айы", — деди Шубин.
Ал ошондой эле кенди иштетүү 2019-жылдын аягында башталса, алтын өндүрүү 2020-жылдын жай айларына туура келерин кошумчалады.