БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы темир жол байланышы жылдан-жылга кеңейип, өнүгүп жатат. Бул тууралуу "Кыргызтемиржолу" улуттук компаниясынын экономика, стратегиялык өнүгүү жана тариф саясаты башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Дусумбаев билдирди.
Дусумбаев өз сөзүндө 2018-жылы эки мамлекет ортосундагы жүк ташуу жана байланыштарды чыңдоо бир топ жакшырганын белгиледи.
"2018-жылы темир жол аркылуу ташылган жүктүн 30 пайызы Россияга туура келет. Башкача айтканда, бул 2,2 миллион тоннаны түзөт", — деди ал.
Дусумбаев ошондой эле Россиядан Кыргызстанга негизинен мунай заттары, курулуш материалдары жана минералдык заттар ташылып келерин кошумчалады.
Андан сырткары, Россиянын темир жол ишканасы менен Кыргызстандагы поезддерди жаңылоо боюнча сүйлөшүүлөр болуп жатканын белгиледи.