Кыргызстан Россияга балык экспортунун көлөмүн 1 млрд. рублге жеткирет

"Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу VIII конференцияда келишим менен меморандумга кол коюлду.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандагы бир катар жеке менчик компаниялар 2019-2025-жылдары Россияга 1 миллиард рублге чукул балык экспорттоо боюнча меморандумга кол койду.

Кыргызстан Жер-Үй кенинен канча каражат табарын инвестор айтып берди
Документке кол коюу иш-чарасы "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында уюштурулган "Транспорт-логистикалык мүмкүнчүлүктөрдү эске алуу менен Кыргызстан менен Россиянын агороөнөржай комплексин өнүктүрүү" аттуу тегерек столдо ишке ашты.

Андан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын үрөнчүлүк ассоциациясы 25 миллион долларлык келишимге, айыл чарба азыктарын кайта иштетүү боюнча 600 миллион сомдук меморандумга да кол коюлду.