БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда "КамАЗ" компаниясы менен биргеликте ири долбоор ишке ашырылганы турат. Бул тууралуу "Стратегиялык өнөктөштүктүн жана интеграциянын жаңы горизонттору" аттуу Кыргыз-Россия аймактар аралык VIII конференциясында "Фельдман групп" инвестициялык компаниясынын башкаруучулугунун төрагасы Евгений Фельдман билдирди.
"Кыргызстандын рыногуна Россиянын ири "КамАЗ" компаниясы ыңгайлашып жатат. Үч айдан бери долбоорду талкуулап, аны ишке ашыруу иштери башталды. Азыр биз дилердик жана сервистик базаны даярдап жатабыз. Транспорт инфраструктурасына кирүү жагын да кароодобуз", — деди ал.
Фельдмандын айтымында, баштапкы этапта даяр продукцияны алып келүү каралган. Кийинчерээк аны Кыргызстандан куроо жагы пландалган. Фельдман республикада керектүү талап бар экенин кошумчалады.
Анын маалыматы боюнча Кыргызстандагы машина куруунун баштапкы рыногун баалоо жарым миллиард долларга кемип калган.
"КамАЗ" — Россиядагы оор жүк ташуучу унааларды чыгарган ири компания. Уставдык капиталы 35,36 миллиард рублди түзөт. Акцияларынын ири пакеттери мамлекетке жана коммерциялык банктарга таандык.