Өкмөт ЕАЭБ ичинде бут тоскондор боюнча маселе көтөрдү

Биримдикке мүчө кээ бир тараптардын туура эмес атаандаштыгынын жана протекциялык саясатынын фактылары бар. Анын кесепетинен кыргызстандык ишкерлер зыян тартууда.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Вице-премьер Замирбек Аскаров ЕАЭБдин алкагындагы таза эмес атаандаштыктын кээ бир учурлары жөнүндө "Россия менен Кыргызстандын стратегиялык өнөктөштүгү жана интеграциясынын жаңы кыйырлары" деп аталган кыргыз-орус аймактар аралык конференцияда кеп кылды.

Анын билдиргенине караганда, тоскоолдуктар менен чектөөлөр канчалык аз болсо, соода ошончолук майнаптуу болот.

Бүгүнкү күндө эгерде коштогон кагаздары жайында болсо, Россияга экспорттолгон кыргыз товарларынын 80 пайызы (ветеринардык чектөөлөргө алынбагандарынан башкалары) аталган өлкөгө эркин ташып киргизилет.

"Муну менен катар эле биримдикке мүчө кээ бир тараптардын көзөмөл органдарынын туура эмес атаандаштыгынын жана протекциялык саясатынын фактылары бар. Анын кесепетинен кыргызстандык ишкерлер зыян тартып жатат. ЕАЭБде Россия негизги ролду ойногондугун эске алсак, бул маселенин оң чечилишинен үмүт кылабыз", — деди Аскаров.

Вице-премьер кеп ЕАЭБге мүчө болгон кайсы мамлекет туурасында жүрүп жаткандыгын тактаган жок.