Радио

Жороев: көрнөк-жарнактарды иреттөөчү мыйзам сунушталууда

"Бишкек башкы архитектура" муниципалдык ишканасынын жетекчисинин орун басары Марат Жороев Бишкек шаарындагы жарнамалык көрнөктөрдү, коомдук жайлардын аталыштарынын жазылышын көзөмөлдөгөн мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Sputnik
Жороев: көрнөк-жарнактарды иреттөөчү мыйзам сунушталууда

Борбордо илинген көрнөк-жарнактар абдан башаламан абалга келип жетти. Алар шаардын эстетикалык көрүнүшүн бузуп жатат. Мындай рекламалык такталар визуалдык таштанды деп аталат. Бул тууралуу Марат Жороев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаардык кеңешине сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда көрнөк-жарнактардын өлчөмү, жазылуу шарты, өңү-түсү эске алынган.

"Республикада көрнөк-жарнактарды иретке келтирүү көйгөйү көптөн бери бар. Андыктан биз алгач иретке келтирүүнү борбор калаадан баштадык. Шаардык кеңешке илинген жарнамаларды, кафе, ресторан, ашкана, чачтарачкана, дүкөн жана башка жайлардын аталыштарын, жарнактарын көзөмөлгө алган мыйзам долбоорун сунуштап жатабыз. Учурда туура эмес илинген мындай рекламаларга тыюу салууга биздин укугубуз чектелүү болгондуктан, ишкана ушундай кадамга барууда. Аталган мыйзам долбооруна ылайык, илинген жарнамалардын өлчөмү, мисалы, ал 1-кабаттагы дүкөн болсо, аталышы же жарнамасы 2-кабаттагы батирди тосуп калбоосу керек. Ошондой эле бир имаратта жайгашкан коомдук жайлардын баарынын фасады окшош боелуп, аталыштары бирдей көлөмдөгү тамгалар менен жазылуусу шарт болот", — деди Жороев.

Ал көрнөк-жарнактардын иретсиздик көйгөйү мурдагы Советтер Союзунун карамагына кирген өлкөлөрдөн жалгыз Кыргызстанда болуп жаткандыгы өкүндүрөрүн кошумчалады.