Бекбасарова: тамактануучу жайларда чылым чегүү үчүн өзүнчө бөлмө болушу керек

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык саламаттыкты сактоо борборунун чылымга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Бекбасарова коомдук жайларда чылым тарткандар тамеки тартпаган адамдардын укуктарын эске албай жатканын айтты.
Sputnik
Бекбасарова: тамактануучу жайларда чылым чегүү үчүн өзүнчө бөлмө болушу керек

Коомдук тамактануучу жайларда тамеки тарткандар үчүн зал эмес, атайын бөлмө болууга тийиш. Бул тууралуу Чынара Бекбасарова Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарындагы тамактануучу жайлардагы чылым чегүүчү залдан чыккан түтүн абага тарап, тамеки тартпаган жарандардын ден соолугуна зыянын тийгизүүдө.

"Коомдук жайларда, анын ичинен өзгөчө тамактануучу жерлерде тамеки тартуу үчүн зал эмес, өзүнчө атайын бөлмө болушу керек. Бишкекте көпчүлүк тамактануучу жайларда кишилер отурган залды эле экиге бөлүп, бирин чылым чеккендер үчүн, экинчисин тамеки тартпагандар үчүн деп коет. Бул туура эмес. Аталган маселе боюнча мыйзамда жазылган эрежелер иштебей жатат", — деди ал.

Бекбасарова 2006-жылы 21-августта коомдук жайда чылым чегүүгө каршы мыйзам кабыл алынып, бирок ушул кезге чейин иш жүзүндө аткарылбай жатканын кошумчалады.