Кара-Балтада жүк ташуучу унаа менен жолтандабас бет маңдай кагышты

Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын 49 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыга калып КамАЗ менен кагышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кара-Балтадагы жол кырсыктан бир адам каза тапты. Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

Бишкекте Тез жардам унаасы катышкан жол кырсыктын чоо-жайы
Кырсык 27-март күнү саат 16:30да Кытайдын мунайды кайра иштетүүчү "Жунда" заводунун аймагындагы Берег көчөсүндө болгон.

Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаанын 49 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге чыга калып, КамАЗ менен бет маңдай кагышкан. Натыйжада жолтандабастын айдоочусу көз жумган.

Факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалды.