Аска боорундагы, жер алдындагы жана саздагы укмуштуу 10 театр. Сүрөттөр

Sputnik

Искусствого болгон сүйүү актерлорду гана таасирлентпестен, режиссер, сүрөтчү, архитекторлорго да чыгармачылыктын канатын байлайт. Оригиналдуу театрлардын сүрөттөрү буга күбө. Себеби дизайнерлердин ой чабытынын чеги жок.

1 / 10
Австриянын Брегенц калаасындагы опера театры классикалык музыканын миңдеген күйөрмандарын өзүнө тартып келет. Анын өзгөчөлүгү — ачык асман алдындагы каалгыган сахна. Чыгармачыл адамдарга мындай конструкция таасир бергенден башка зыянын тийгизбейт.
2 / 10
Швециядагы Dalhalla театры. Ал 60 метр тереңдиктеги карьерден орун алган. Акустикасы эми бир укмуш!
3 / 10
Американын Олбани шаарындагы театр жумуртка сымал формасы менен бир көргөндө эле көптөрдүн эсинде калары шексиз. Муну алты кабаттан турган имарат деп эч ким айтпайт.
4 / 10
Англиялык "Минакты" адеп көргөн кишинин аптыгып кетээри анык. Атлантика океанынын жанындагы асканын бооруна курулган искусство үйү бирде кооптондурса, бирде зор кызыгууну жаратат. Аталышына кызыксаңыз, "таштуу жер" деген маанини берет экен.
5 / 10
Сиднейдеги опера театры дүйнөнүн көпчүлүгү билген жай. Австралиянын көзгө басар имаратынын автору - архитектор Йорн Утзон.
6 / 10
Римдеги Арена ди Верона амфитеатры биздин замандын 30-жылдарында курулган экен! Качандыр бир кезде ал жерде гладиаторлор жанын оозуна тиштеп салгылашса, азыр эң мыкты деген опералык чыгармалар коюлуп келет.
7 / 10
Кытайдын Харбин шаарындагы опера театрынын футуристтик аянтчасы кадимки эле пейзажды элестетет. Анда ийри-буйру болгон көлмөлөр менен саздуу жерлер да бар.
8 / 10
Лондондогу бул театр англиялык легендарлуу акын жана драматург Уильям Шекспирдин атынан коюлган. Азыркы абалы 1613-жылы өрттөнүп кеткен "Глобустун" калыбына келтирилген варианты.
9 / 10
Эспланада театры - Сингапурдун маданий ордосу. Уникалдуу бул жайда спектаклдер, мюзикл коюлуп, дүйнөнүн белгилүү сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү, конференциялар өтөт
10 / 10
Гватемаладагы театрдын тарыхы эле эмес, аталышы да узак — Ermita de la Santa Cruz.
Орто кылымдагы чиркөөнүн сакталып калган маңдай жагы ачык асман алдындагы театрдын маанилүү болгон аянтына айланган.