Димаш Кудайберген Алла Пугачеванын чыгармачыл кечесинде ырдайт

Азырынча аткаруучунун кайсы ырды аткара тургандыгы тактала элек.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Казакстандык аткаруучу Димаш Кудайберген россиялык артист Алла Пугачеванын чыгармачыл кечесинде ырдайт. Казак ырчысы бул тууралуу Instagram баракчасына жазганын Sputnik Казакстан кабарлады.

Примадонна чыгармачыл концертин 8-апрелде Москвадагы "Крокус сити холлдо" берет, аны жолдошу Максим Галкин алып барат.

"Алла Борисовна Пугачеванын чыгармачыл кечесине чейин жакшы тургула. "Крокус сити холл". 08.04.2019 19:30", — деп жазган ырчы Димаш Кудайберген.

Пугачеванын чыгармачыл кечесинде төбөсү көрүнгөн россиялык артисттер Григорий Лепс, Валерий Леонтьев, Сергей Шнуров, Светлана Лобода жана дагы башкалары ырдап чыкмакчы.

Эске салсак, Димаш Кудайберген мындан бир нече күн илгери Кремлде эки күн концерт берген. Москвага анын фанаттарынын 56 өлкөдөн келгендиги айтылууда.