Бишкек менен Санкт-Петербургдун депутаттары кызматташмай болду

Бишкектин депутаттары РФ шаарында иш сапар менен жүрөт.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык кеңеши менен Санкт-Петербургдун мыйзам чыгаруу жыйынынын ортосунда өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирди.

Кол коюу аземи Санкт-Петербург шаарында өттү. Ага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абиров менен Санкт-Петербургдун Мыйзам чыгаруу жыйынынын башчысы Вячеслав Макаров кол койгон.

Макаров Кыргызстан Борбор Азия аймагында стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, ар кыл тармакта кызматташуу жолго коюлганын айтып өттү.

Өз кезегинде Абиров аталган меморандум тажрыйба алмашууга, кыргыз-орус мамилесинин өнүгүүсүнө жаңы ыргак берерине ишеним арттып жатканына токтолду.

Эскерте кетсек, Бишкектин депутаттары РФ шаарында иш сапар менен жүрөт.