Кыргызстанда жол эрежесин бузгандардын айып пулу алынбай жатабы? ИИМдин жообу

ИИМдин маалымат кызматы "K-Рay" системасында дагы ушундай өчүрүүлөр болуп калса, "Кыргызпочтасы" төлөмдөрдү кол менен алуу иштерин карап чыгышы керек экенин кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы жол эрежесин бузгандардын айып каттарын убактылуу албай жатат деген билдирүүгө жооп берди.

Буга чейин ЖМКлар Эреже бузуулар боюнча бирдиктүү реестр менен "K-Pay" системалары иштебей калгандыгына байланыштуу айып кагаздарын алуу убактылуу (26-марттан 28-мартка чейин) токтотулганын маалымдашкан.

Ишенүү кыйын! Акыркы 5 жылда айдоочулардан айып катары бюджетке түшкөн акча
Белгилүү болгондой, ал жакта техникалык иштер жүрүп жаткан. Бул боюнча ИИМдин маалымат технологиясы боюнча башкы башкармалыгы "Кыргызпочтасынын" дарегине кат жөнөткөн.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары да система иштебей жаткандыгына байланыштуу почта акча албай жатканын айтып нааразы болушкан.

ИИМ маалымат кызматы "Кыргызпочтасына" катты системада техникалык иштер жүрүп жаткандыгынан кабардар кылуу максатында кат жөнөткөнүн айтты.

"ИИМдин маалымат технологиясы боюнча башкы башкармалыгынын "Коопсуз шаар" долбоору боюнча төлөмдөрдү кабыл алууга тиешеси жок", — деди министрликтин өкүлдөрү.

ИИМдин маалымат кызматы "K-Рay" системасында дагы ушундай өчүрүүлөр болуп калса, "Кыргызпочтасы" төлөмдөрдү кол менен алуу иштерин карап чыгышы керек экенин кошумчалады.