Ок жеп, 310 миң долларын алдырган айдоочу. Шектүүлөрдүн сүрөтү

Каракчылык 6-мартка караган түнү Беш-Күңгөй айылында болгон. Кылмышкерлер айдап жүргөн Subaru Forester Октябрь районунун аймактык инспекторуна таандык экени аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Тапанчадан ок чыгарып, унаа ээсинин 310 миң доллардан ашуун акчасын тоноп кеткендердин ким экени аныкталды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине укук коргоо органдарындагы булак маалымдады. 

Ок жеп, 310 миң долларын алдырган айдоочу. Шектүүлөрдүн сүрөтү

Эскерте кетсек, Беш-Күңгөй айылынан белгисиз бирөөлөр автоунаага ок чыгарып, ал жолдон чыгып дубалды сүзгөн. Кылмышкерлер айдоочуну атып, 315 миң долларын алып кетишкен. Окуя 6-мартта түнкү саат 2:00дөр чамасында болгон. Чүй облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Toyota Harrier үлгүсүндөгү автоунаанын ичинде 53 жаштагы эркек киши менен 57 жаштагы аялы болгон. Алар ооруканага жеткирилген. Кылмышкерлер Subaru Forester автоунаасы менен жүргөн. Аталган факты Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрге катталып, "Каракчылык" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Тоңдо мас киши 16 жаштагы уулуна бычак шилтеп, кесилип кетти
Кийинчерээк кылмышкердер айдап жүргөн Subaru Forester Октябрь районунун аймактык инспекторуна таандык экени аныкталган. Андан сырткары, кол салгандар унаа айдап бараткан кишини катуу сабап, жанындагы жубайын башка атканы белгилүү болгон. Аялдын абалы оор деп бааланууда.

Милиция кылмышка шектелип жаткан эки адамдын өздүгүн тактады. Анын бири Москва районунун 45 жаштагы С.М. аттуу жана 39 жаштагы М.Б. аттуу тургундары болуп чыкты.

Кылмышкерлерди издөө иштери уланып жатат.