Радио

Асанбаева: театр жумалыгынын алкагында оюн-зооктор акысыз коюлат

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат катчысы Айнура Асанбаева марттын соңку жумасында өткөрүлүп жаткан театр жумалыгынын алкагында Бишкек шаарында ачык асман астында театралдык оюндар көрсөтүлөрүн маалымдады.
Sputnik
Асанбаева: театр жумалыгынын алкагында оюн-зооктор акысыз коюлат

27-март — эл аралык театр күнү. Буга байланыштуу 26- марттан 30-мартка чейин жалпы республикалык театр жумалыгы белгиленди. Бул тууралуу Айнура Асанбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өлкө боюнча жалпысынан 17 театр бар.

"Жалпы республикалык театр жумалыгынын алкагында 26-мартта Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада театр жетекчилери, студенттердин катышуусунда конференция болуп өттү. 27-мартта Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын айкелинин алдында митинг-реквием, андан соң "Ала-Арча" көрүстөнүндө бардык көзү өткөн театр корифейлерине куран окутулду. Кечки саат 18:00дө Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында "Эргүү" театр сыйлыгын тапшыруу аземи өтөт. Ал эми 30-мартта "Ала-Тоо" аянтында театр актерлеру ачык асман алдында оюн-зоок тартуулашат. Мындай иш-чаралар аймактардагы театрларда да болот", — деди Асанбаева.

Ал аталган оюн-зооктор акысыз коюларын белгилеп, театр сүйүүчүлөрүн келип көрүп кетүүгө чакырып өттү.