Бишкек: жол четиндеги түркүк маршрутка менен жеңил унааны басып калган видео

Окуя Чүй проспектисинин "Ош" базарга жакын жеринде болуп, автотыгын жаралды.
Sputnik

Бишкектеги Чүй проспектиси менен Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишине жакын жерде жол четиндеги түркүк машина өткөн жерге кулап, жүргүнчү ташыган маршрутка менен Mazda Demio үлгүсүндөгү автоунааны басып калды. Бул тууралуу окуянын күбөсү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына билдирип, кырсыктын видеосун жөнөттү. 

Бишкек: жол четиндеги түркүк маршрутка менен жеңил унааны басып калган видео

Күбөнүн айтымында, окуя 26-мартта саат 15:20лар чамасында болгон. Анын кесепетинен аталган жерде автоунаанын узун тыгыны пайда болуп, бир нече троллейбус жолдон өтө албай калган.

Бишкек шаарынын троллейбус башкармалыгы окуянын чоо-жайы такталып жатканын, бул боюнча толук маалымат берилерин билдирди.