Театр жумалыгы жарыяланып, Таттыбүбү эскерилет

Жыйынтыктоочу иш-чара 30-мартта "Ала-Тоо" аянтында өтөт.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. 27-март - театрдын эл аралык күнүн утурлай, 26-марттан 30-мартка чейин "Республикалык театр жумалыгы" өтөт. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри кол койгонун мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Мындай аракеттер Кыргызстандагы театр оюн-зоок мекемелеринин чыгармачылык ишмердүүлүгүн арттыруу, көрүүчүлөр менен тыгыз алака түзүү максатында жасалууда.

Ызырынган жаштарды Ошко жибербей токтотуп... Сабира Күмүшалиева жөнүндө 7 факты
Буйрукка ылайык, 26-мартта Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы, Кыргызстан театр ишмерлер союзу жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство жана көркөм өнөр университети менен биргеликте "Кыргыз театрынын актуалдуу маселелери" аттуу конференция өтөт.

Ал эми 27-мартта Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында салтанаттуу иш-чара өтөт.

28-мартта таланттуу актриса Таттыбүбү Турсунбаеванын 75 жылдык мааракесине арналган көргөзмө ачылат.

Шаар тургундары менен коноктору 30-мартта жыйынтыктоочу иш-чарага күбө болот. Анда "Ала-Тоо" аянтында "Театр керемети" аттуу оюн-зоок программасы тартууланат.