Россиялык жаштардын Кыргызстанга көз карашы өзгөрүүдө

Бишкекте "Россия менен Кыргызстандын жаштары: кызматташуудагы жаңы горизонттор" аттуу конференция өтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиянын Жаштар иши боюнча федералдык агенттигинин башчысы Александр Бугаев эки өлкө жаштарынын мамилеси тууралуу айтып берди.

Ал Бишкекте уюштурулган "Россия менен Кыргызстандын жаштары: кызматташуудагы жаңы горизонттор" аттуу конференцияга катышууда.

"Менин баамымда акыркы жылдары мамилелер жакшы тарапка өзгөрүүдө. Бул нерсени жаштар уюмдарынын, биримдиктеринин ортосундагы мамилелер да көрсөтүп турат", — деди ал.

Бугаевдин айтымында, мындай өнүгүүлөр эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жакшы иштегенинин жемиши. Андан сырткары, Кыргызстан менен Россиянын жарандары да мамиле түзүүгө кызыкдар.