Жуунуучу жай, ажаткана оңдолууда. Оштогу борбордук стадиондон алынган сүрөттөр

Стадиондо элдин түнкүсүн да машыгуусуна шарт түзүү максатында караңгы учурда жарыктандыруу маселеси коюлган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Ош шаарындагы Акматбек Сүйүмбаев атындагы стадион толугу менен оңдолуп жатат. Бул туурасында аталган калаанын мэриясынан кабарлашты.

"Бүгүнкү күндө стадиондун дарбазасы, тепкичтер, VIP-зал, чуркоо тилкеси, ичиндеги жуунуучу жай жана ажатканасы оңдоодон өтүүдө. Мындан тышкары, сынган отургучтар алмаштырылып, стадиондун административдик имаратынын сырты оңдолууда. Көрүүчүлөр үчүн өзүнчө жаңы ажаткана да курулуп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Мэрия: Ош шаарындагы кооптуу делген май куюучу жайлар жабылат
Мындан сырткары, калаа башчысы Таалайбек Сарыбашаев "Ош свет" ишканасына караңгы учурда да жарыктандыруу боюнча тапшырма берип, стадиондо түнкүсүн машыгууга шарт түзүлүшү керектигин айткан.

Сүйүмбаев атындагы стадион 1960-жылы курулуп, 12 миң көрүүчүгө ылайыкташкан. Стадион капиталдык оңдоодон акыркы жолу 2000-жылы өткөн.