Нур-Султанда үч автобус менен жеңил унаалар кагышып, киши каза болду. Видео

Алдын ала маалымат боюнча кырсыктан 25 киши жаракат алган.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Казакстандын борбор калаасы Нур-Султанда автобус жана жеңил автоунаалар катышкан ири жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Улы Дала көчөсү менен Кабанбай баатыр проспектисинин кесилишинде үч автобус менен жеңил машиналар кагышкан учурдун видеосу социалдык тармактарга тарады.

Шаардык полиция департаментинин маалымат кызматы кабарлагандай, окуя болгон жерде укук коргоо органдары иштеп жатат.

"Жол кырсыктан эки киши каза болгону тастыкталды. Бирөө автобустун айдоочусу болсо, экинчиси жүргүнчү", — деп мекеменин маалымат кызматы Софья Кылышбекова билдирди.

Жарыяланган видеодо катуу ылдамдыкта келе жаткан автобус көчөлөрдүн кесилишинде токтоп турган автобусту жана жеңил унааларды артынан кагып, ал алдында турган автобусту сүзгөн.

Нур-Султан калаасынын акимиатынын маалымат катчысы Элвира Жургенбаева кырсыктын видеосун бөлүштү.

Алдын ала маалымат боюнча жол кырсыктан 25 киши жаракат алган.

Жургенбаева ошондой эле калаа жетекчилиги абалга тыкыр көз сала турганын жана кошумча маалымат берилерин белгиледи.