Күзүндө Кыргызстанда ЖККУнун саммити өтөт

Учурда уюмдун башкы катчысын шайлоо боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Быйыл күздө Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) саммити өтөт. Бул тууралуу КР президент аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков маалымат жыйында билдирди.

Ал быйыл ЖККУга Кыргызстан төрагалык кылып жатканын кошумчалады.

"Албетте, ЖККУнун саммити өтөт. Анткени авторитеттүү уюмдун төрагасыбыз. Аны президент белгилеген артыкчылыктардын алкагында өткөрөбүз", — деди Сыдыков.

ЖККУнун туруктуу кеңешинин төрөгалыгына кыргызстандык ишмер дайындалды
Ал ошондой эле уюмдун жаңы башкы катчысын шайлоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

"Төрага катары биз уюм толук иштеши үчүн башкы катчынын эрте дайындалышына кызыкдарбыз", — деди ал.

Сыдыков, андан сырткары, ЖККУнун башкы катчысынын биринчи орун басары тажрыйбалуу адис болгондуктан уюмдун иштөөсү үзгүлтүккө учурабай турганын белгиледи.