Кыргызстан Россияга эмне сатат? 314 млн. долларлык товардын тизмеси

Кыргызстан былтыр Россияга чейрек миллион долларлык товар саткан. Sputnik Кыргызстан редакциясы өлкөнүн Россия рыногуна жөнөткөн ири көлөмдөгү жана кызыктуу товарлардын тобун тизмектеп чыкты.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Былтыр Кыргызстан Россияга 314 миллион долларлык товар экспорттогон. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиядан кабарлашты.

Бардыгы болуп 200 аталыштагы товар кеткен.

Ири делген үч топ:

  • Кендер жана кымбат баалуу металлдар — 97,7 миллион доллар;
  • Азык-түлүк жана суусундуктар — ар кыл 52 түрү 44 миллион долларга соодаланган. Негизгилери — жаңы терип алынган жана кургатылган жемиштер, жашылчалар, жаңгактар. Сүт азыктары, ак май, сыр жана быштак;
  • Кийим, ич кийим, байпактар (88 түрү) — 129 миллион долларга сатылган. Андан сырткары, 92 миллион долларга блузкалар, эркектердин трикотаж кийимдери, эркек көйнөктөр кеткен;

Андан сырткары, Россияга ташылган кызыктуу делген товарлардын тизмесин келтиребиз (доллар менен);

  • 21 миңден ашуун 80 миңдик "ар кандай жандыктар";
  • 4300 сомдук мунай заттары (4,5 миллион);
  • Гигиена, ооз көңдөй жана тиш каражаттары — 115 миң;
  • Шыпыргы, щетка, кистилер — 170 миң;
  • Титан жана андан жасалган товарлар — 31,5 миң.