Финансы полициясы бирдиктүү эсепке 13 млн. сомго жакын акча которду

Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын жалпы суммасы 496 миллион 892 миң 988 сомду түздү.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (Финансы полициясы) бирдиктүү депозиттик эсепке кезектеги 12 миллион 968 миң 798 сом которду.

Ошто кеңседен 4,7 млн. сом уурдады деп эки улан кармалды. Бирөө өз кызматкери
Бирдиктүү депозиттик эсепке которулган акчанын жалпы суммасы 496 миллион 892 миң 988 сомду түздү.

Аталган кызмат Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы чечимин, ошондой эле президент Сооронбай Жээнбековдун өлкөнүн ички экономикалык коопсуздугун камсыздоого, экономикалык жана кызматтык кылмыштардан мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтурууга багытталган тезистерин ишке ашыруу боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү улантып жатат.