Боксчу аны мыскылдаган атаандашын жерге жаткыра чапты. Видео

Британиялык боксчу упай менен алганда жеңүү ыктымалдуулугу такыр жок болчу. Бирок бир сокку менен атаандашын нокаутка чаап жеңүүчү аталды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Жеңил салмак боюнча WBO чемпиону аталуу үчүн Сабри Седири менен Сэм Максвеллдин беттеши күтүүсүз жыйынтык менен аяктады. Беттештин чечүүчү соккусу кандай болгонун BT Sport басылмасы Twitter баракчасына жарыялады.

Ырчы, таксист, курулушчу... Кыргызстандын спортчулары кантип жан багат?
​Седири упай боюнча алдыга чыккан, бирок беттеш аяктарына аз калганда боксташканды токтотуп атаандашын мыскылдай баштаган. Мелдеш аяктарына 10 секунда калганда Максвелл атаандашын көкүрөк тушка таамай чаап, нокаутка чапкан.

Жыйынтыгында аз упай топтогон Максвелл көпчүлүккө күтүүсүз жерден жеңүүчү болуп чыга келди.

Кыргызстандык спортчу Эржан Тургумбеков бокс боюнча профессионалдар арасындагы турнирде россиялык атаандашы Александр Куимчидини мөөнөтүнөн мурда кантип утуп алганын көрүңүз.