"Ала-Тоо" аянтынын жанынан 22 жаштагы жигитти машина коюп кетти. Сүрөт

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, жаракат алган жигитти алып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. "Ала-Тоо" аянтына жакын жерде 22 жаштагы жигитти киши өтүүчү жерден машина коюп кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына окуя болгон жерге келген автоинспектор билдирди.

Жол кырсыгы 26-мартта болжол менен саат 17:10дор чамасында Чүй менен Эркиндик проспектилеринин кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча жигит жол чийинден өтүп баратканда автоунаалар токтоп аны өткөрүшкөн, бирок Honda Fit үлгүсүндөгү машина аны коюп кеткен.

Кырсык болгон жерге Тез жардам кызматы келип, жаракат алган жигитти алып кетти. Жол кырсыгына себепкер болгон автоунааны айып короого токтотуу үчүн алып кетишти. Чогултулган материалдар тергөө органдарына берилет.