Чек арадагы жаңжал. Кыргызстан менен Тажикстандын тиреши

Вице-премьер Разаковдун тажик чалгын органдарына тиешеси барбы? Өкмөттүн жообу

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалыматты текшерип жатат. Бирок өкмөт интернеттеги билдирменин жалган экенине ишенет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Вице-премьер Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар делген маалыматтар туура эмес. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Билдирмеде интернет айдыңына тараган маалыматтар чагымчыл мүнөзгө ээ экени айтылат.

"Айрым интернет-сайттарда, социалдык тармактарда жайылтылган, ошондой эле Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер Жеңиш Разаковдун тажик чалгын органдарына тиешеси бар экендиги тууралуу айтылган маалымат жалган. Бул сыяктуу маалыматтар Жеңиш Разаковдун инсандык аброюна жана кызматтык ишмердигине шек келтирүү максатында жалпыга маалымдоо каражаттарында жана коомчулукта буга чейин бир канча ирет жайылтылган", — дешти өкмөттөн.

Президент Жээнбеков чек арадагы чыр-чатакка күч түзүмдөрүн айыптады
Ошондой эле Разаков ички иштер органдарында эмгек ишмердигинин бардык баскычтарын басып, Баткен облусунун Ички иштер башкармалыгынын башчысы, андан соң бул аймактын жетекчиси болуп иштегени белгиленген.

"Жеңиш Разаковдун тажик чалгындоосуна тиешеси бар болсо, ушул убакка чейин байкалбай калмак эмес. Дагы бир ирет белгилей кетели, бул сыяктуу билдирүүлөр жалган", — деп айтылат маалыматта.

Мындан сырткары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети айтылган билдирүүлөр боюнча текшерүү жүргүзүп, анын жыйынтыгы боюнча да баа берилери белгиленди.