ЖАМК дарыгери тай боксу боюнча дүйнөлүк беттеште чемпион болду. Сүрөт

Тиш дарыгери спорттун аталган түрү менен 6 жылдан бери машыгып келет.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын тиш дарыгери Никита Цой муай тай боксу (WMF) боюнча өткөн Бангкоктогу таймашта үч жолку чемпион болду. Бул туурасында аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

Дүйнөлүк чемпионат Бангкок (Таиланд) шаарында 11-22-март күндөрү болгон.

Бишкек милициясынын подполковниги жиу-житсу боюнча АКШда жеңүүчү болду
Таймашка 44 өлкөнүн спортчулары катышкан. Кыргызстандан 12 мушкер барса, алардын арасында ЖАМКнын кургак учук-өпкө оорулары боюнча №31 оорукананын стоматолог-дарыгери Цой болгон. Ал 57 килограмм салмактагы категория менен эки ирет катышып, үчтөн беттеш өткөргөн. Биринчисинде спорттун бул түрүнө кызыккан адам катары, ал эми экинчисинде жарым профессионал спортчу катары беттешкен. Алгач перулук жана өзбекстандык, андан соң колумбиялык жана марокколукту жеңген. Биринчи финалда (муай тайды сүйүүчү катары кармашты) франциялык, ал эми экинчи финалда (жарым профессионал) өзбекстандык атаандашынан чемпиондук курларды утуп кеткен.

Маалыматта тиш дарыгеринин спорттун аталган түрү менен 6 жылдан бери машыгары айтылып келет.