Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Сүйлөсө тилинен чаң чыккан депутат Ырыскелди Момбеков бүгүн кара жумушту да катыра жасай аларын көрсөттү. Ал эмгек үстүндө баарлашып, шаардагы таштандыларды тазалады. Маек учурунда ал үй-бүлөсү, жамактап сүйлөп калышы тууралуу жана депутаттар ишембиликте чынында кантип иштегенин айтып берди.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги "Эл арасында" аттуу долбоорун баштады. Мунун алкагында депутат, министрлер, дегеле аткаминерлер эл арасына чыгып көчөлөрдү шыпырып, тазалайт. Долбоордун максаты — жөн гана маек алуу эмес, бийлик өкүлдөрүн элге жакындатып, коомдогу көйгөйдү көзгө сайып көрсөтүү.

Долбоорго биринчилерден болуп Жогорку Кеңештин депутаты Ырыскелди Момбеков катышты. Ал кабарчы Эламан Карымшаков менен маектешкенче Бишкектин чок ортосундагы Касымалы Баялинов атындагы китепкананын артындагы арыкты тазалады. 

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Барганыбызда арыктын ичине күздө түшкөн жалбырактар толуп калыптыр. Үстүндө желим баштык, бөтөлкө сыяктуу таштандылар жатканын көрдүк да колубузга кол кап кийип акырын ишти баштадык. 

Момбеков чарба иштерин жакшы көрөрүн, үйүндөгү кара жумуштарды өзү эле жасап коёрун айтат. Короосуна азыраак помидор, бадыраң айдап, гүл өстүрөт экен. 

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Эл өкүлү учурда аткаминерлердин катышуусунда өтүп жаткан ишембиликтерге ичи жылыбай турганын айтты.

"Жогорку Кеңештин депутаттары эки жолу Ботаникалык бакка ишембиликке чыктык. Эми ал бала кездегидей ишембилик эмес да. Эртең менен саат 10.00дө баары келип түшкө чейин иштешет. Андан кийин катары суюлуп, бириндеп-бириндеп кетип калышат. Саясат кылбай, калп эле элге көрүнбөй, чындап иштеш керек. Көргөндөр да "ии-и өткөндө бул жерди тырмалап жатышты эле, сонун кылып тазалашыптыр" деп калат", — деген пикирин айтты Момбеков.

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып китепканынын директорунун орун басары Лира Дүйшекеева короосунда майып балдар үчүн орнотулган аянтчага таштанды таштоочу челек койдуруп берүүнү суранды. Эл өкүлү маселени чечүү жолун издеп, такыр болбой баратса колунда бар досторунан суранып отургучтары менен кошо орнотуп берүүнү убадалады. 

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Андан кийин жолдон өтүп бара жаткан дагы бир киши Момбековду көрүп "эмне болуп кетти?" деп таң кала суроо узатты. Ага эл өкүлү "саясатты тазалай албасам да жалбыракты тазалап көрөйүнчү" деп жооп берди. Андан ары ал киши соттор боюнча арыз-муңун айтты.

Ара-чолодо депутат үй-бүлөсү тууралуу кеп кылып, балдарынын өнөрлөрү тууралуу айтып берди. 

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

"Келинчегим мугалим, бир уул, эки кызым бар. Балам футбол десе жанын берет. Учурда "Дордой" клубунда ойноп жатат. Мен да кичинекейимде, кайнатам да футболго кызыкчу экен. Кыздарымдын бири фортепианодо ойнойт. Кичүү кызым көркөм гимнастикага барат, флейтада ойнойт. Ал эми комузду үчөө тең черте алат", — деди депутат.

Момбеков трибунадан сөздөрдү уйкаштырып сөйлөгөнү менен башка депутаттардан өзгөчөлөнөт. Ал жамактап сүйлөп калышына бала кезде көп китеп окушу себеп болгонун билдирди. 

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

"Бирөөлөр сен макалчы, жамакчысың дешет. Чынын айтканда, мен макалдатып сүйлөбөйм. Сөздөрүмдү карап макал табышыңар кыйын. Ал жерде учкул жана уйкаш сөздөр бар. Менин атам дин насыятчысы болгон. Атам өзү окубай калган, анан үйдөгү китептерди жана эпосторду мага окутчу. Чай ичип отурганча, төрт-беш саат окучумун. Кээде кичине кезимде окугандарымдын көбү мээме сиңип калып, сөз байлыгымдын кенендигине, кара сөздүн чебердигине себеп болду окшойт деп ойлоп коем", — деди Момбеков.

Эл өкүлү азыр да бош убактысында китеп окуганга жана көбүрөөк уктап алганга аракет кылат экен. Иш бөлмөсүнө, үйүнө да келгендердин аягы тыйылбай, ал эми телефонунун жаны тынбай турганын айтат. "Жолдон инспекторго түшүп калса да, аялы менен ажырашып кетсе да мага чалышат" деп тамашалайт. 

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Момбеков журналист менен эки саат иштеди. Соңунда ал жумуш үстүндө маек курганына ыраазы болду.

"Жан дүйнөм жазылып эс алып калдым. Тер чыгара иштесем деп жүргөм, ошондой мүмкүнчүлүк түзүп берген силерге рахмат. Кесиптештериме айтарым, кыргыздын "эл менен жүрсөң бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң" деген жакшы сөзү бар. Бизге мандатты эл берген, биз бийликтин эмес, элдин өкүлүбүз. Шайлангандан кийин беш жыл бою элди эстен чыгарып коюу — трагедия", — деди Момбеков.

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Мындан сырткары, ал депутат болгонго чейин да, кийин да эч качан жан сакчы, жада калса айдоочу да албаганын белгиледи.

"Мен өмүрүмдө жан сакчы, жан бакчы алган эмесмин. Унаамды да өзүм эле айдайм. Мен эмнеден коркмок элем, элден чыккан депутатмын. Кээ бир кесиптештериме таң калам. Бир жакка барса сумкасын бирөөгө, соткасын бирөөгө көтөртүп ортодо басып, тегерек-четин кайтарып жүрүшөт. Ошого "сен кимсиң?" деп суроо бергиң келет да", — деди депутат.

Көк баштык көтөргөн Момбеков шаарды тазалады. Иш учурундагы маектин видеосу

Ал эми депутаттарга айтылган терс маанайдагы пикирлерге терикпеш керектигин билдирди. Бирок баарына бир беткей сын айтуу туура эместигин, арасында бөлкөнүн эмес, өлкөнүн камы үчүн иштеп жүргөндар бар экенин белгиледи.