Токмокто жоголуп кеткен өспүрүм кыз табылды

Ушу тапта кызды жакындарына жеткирүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Токмокто 17-марттан бери дайынсыз болуп жаткан 14 жаштагы кыз табылганын Чүй облустук милициясы билдирди.

Эскерте кетсек, буга чейин өспүрүмдүн жоголуп кеткени айтылган.

Милицияга кыздын атасы кайрылган. Факт каттоого алынып, тийиштүү органдарга тапшырма берилген. Натыйжада өспүрүмдү Токмоктун жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери Бишкектеги балдардын социалдык адаптация борборунан табышкан.

Ушу тапта кызды жакындарына жеткирүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.