Telegram мессенджеринде жаңы функциялар пайда болду

Мессенджер башкаларга көрүнбөгөндөй болгон кошумча жаңы кызматтарды киргизди.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Telegram мессенджери жеке чаттарга кайсы бир учурда жиберилген билдирүүлөрдүн бардыгын өчүрүп кое алат. Бул туурасында "Известия" жазды.

Буга чейин маектеш менен болгон сүйлөшүүлөрдү 48 саат өткөндөн кийин гана өчүрүүгө мүмкүн болсо, азыр өзгөрдү. Telegram жашыруун жазышууларды толугу менен жок кылып салууга мүмкүнчүлүк берди.

"Мамилелер башталат, аягына чыгат. Бирок мурдагы достор, кесиптештер менен пикир алышуулар ар дайым жеткиликтүү бойдон кала берет", — деп Telegram негиздөөчүсү Павел Дуровдун айтканын сөзүн РБК келтирди.

Мессенджер башкаларга көрсөтпөй жазышууга кошумча мүмкүнчүлүктөрдү киргизди. Эми колдонуучулар кимдир бирөөгө билдирүү жиберсе, аты-жөнүн жана сүрөтүн жашырып кое алат.