Нөшөрлөп жаан жаайт! Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратты

Кээ бир аймактарда жаан-чачын катуу жаайт.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында 28-30-мартта туруксуз аба ырайы болот. Көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.

26-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

27-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоо этектеринде жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Сары кар жаабайбы? Апрелге карата аба ырайы
28-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

29-30-мартта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаайт.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши мүмкүн.