Бишкекте Тиматини күтүп, түртүшүп, тыгылышкан эл. Видео

Тимати Бишкекке өзүнүн фаст-фуд түйүнүнүн ачылыш аземине келди. Ал буга чейин конокторго бекер бургер таратыларын жар салган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкектеги соода борборлорунун бирине келген миңдей адам Black Star лейблинин жетекчиси Тиматини күттү.

Видео бүгүн, 25-мартта, Чыңгыз Айтматов проспектиси менен Балтагулов көчөсүнүн кесилишинен анча алыс эмес жерде тартылган. Кадрлар Instagram тармагына жарыяланды.

Видеодон миңдей адам милициянын тосмосунан сахнаны көздөй жутунуп жатканын көрүүгө болот.

Тимати Бишкекке өзүнүн фаст-фуд түйүнүнүн ачылыш аземине келди. Ал буга чейин конокторго бекер бургер таратыларын жар салган.

Тез жардам кызматы саат 18:46га чейин тыгылыштан жабыркагандар тууралуу маалымат түшпөгөнүн билдирди.