Маданият министри жаачы Асланайымдын азыркы абалынан кабар алды

Араб дарыгерлери операция болгон жаачы кыз кайрадан цирк аянтына кайта алаарын билдиришкен.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов Сауд Аравиянын Эр-Рияд шаарындагы ооруканада жаткан кыргызстандык жаачы Асланайым Ашированын ал-абалы менен таанышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Министр жаачы кызга өкмөт башчынын атынан салам айтып, тезирээк сакайып кетишин каалаган.

"Оюндар учурунда кырсыктаганыңызды угуп кайгырдык. Сизге эми бекем ден соолук жана күч-кубат каалайм", — деди Жаманкулов.

Эске салсак, Асланайым Аширова Сауд Аравияда Camel fest фестивалынын алкагында өткөн "Көчмөндөр ааламы" маданият фестивалына катышууга барып, бутун жабыркатып алган.

Кийинчерээк ага Эр-Рияд шаарындагы King Saud Medical City ооруканасында ийгиликтүү операция жасалган.

Калпты кантип айттыңар! Аравияда жаракат алган Асланайым окуя тууралуу үн катты
Маданият министрлигинин маалыматына таянсак, жаачы кыздын абалы учурда туруктуу. Араб дарыгерлери Асланайым кайрадан цирк аянтына кайта алаарын билдиришкен.

9-мартта башталган Camel Fest фестивалы 23-мартка чейин созулду. Анда 98 мамлекеттин өкүлдөрү маданият жана спорт жаатында талантын тартуулады. Иш-чарага катышууга кыргызстандыктарга эң көп — 2000дей квота бөлүнгөн.

Иш-чаранын жабылыш аземине катышууга Кыргызстандын премьер-министри Мухамедкалый Абылгазиев барган.