1300 адам кудайлап отурат. Бороонго кабылган лайнердин ичинде тартылган видео

23-март күнү Норвегиянын жээгинде жүргөн Viking Sky лайнеринин мотору бузулуп калып, ичиндегилер оор жагдайга туш болду.
Sputnik

Швециянын Aftonbladet гезитинин жазганына караганда, учурда андагы 1300 адамдын 262си куткарылды.

Үрөй учат! Иракта 100дөй кишиси менен оодарылып кеткен паромдун видеосу
Окуянын видеосу YouTube тармагына жүктөлдү.

Жүргүнчүлөр акырындык менен жээкке чыгарылып жатат. Бирок куткаруу иштери тик учак менен жүргүзүлүп жаткандыктан, жайыраак болууда. Анткени тик учактын бортуна бир салганда 10дой гана адам батып жатат.

Учурда лайнер якорун түшүрүп коюп турат. Жергиликтүү бийликтин айтымында, куткаруу иштери абдан катаал шарттарда өтүүдө.