"Ала-Тоо" аянтындагы Атамбаев менен Бакиев. Март окуясын эске салган 24 сүрөт

Sputnik

Элдик толкундоолор 2005-жылы 11-мартта Жалал-Абадда башталып, ал Кыргызстандын бардык аймактарына жайылган. 24-мартта оппозиция өкмөт үйүн басып алган. Ал эми кечинде Бишкекте мародерлук башталган.

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков. Архив
Сооронбай Жээнбеков: үй-бүлөлүк башкарууга эч качан жол бербейбиз
Ошол учурдагы президент Аскар Акаев үй-бүлөсү менен Россияга чыгып кетип, ошондон бери ал жакта жашайт.

Жаңы мамлекет башчысы болуп Курманбек Бакиев шайланган. Ал дагы беш жылдан кийин 2010-жылы апрелде бийликтен кулатылган.

Бакиевдин учурунда 24-март — Элдик революция күнү деп майрам катары белгиленип келген. 2012-жылы бул дата майрам деп белгиленбей, бирок 2016-жылы эскерүү күн катары жарыяланган.