Радио

Алмазбекова: 6-апрелде кыргыз дизайнерлеринин кийим жарманкеси өтөт

"Маданият төңкөрүшү" долбоорунун уюштуруучуларынын бири, дизайнер Айымжан Алмазбекова элди руханий жактан азыктандыруу маанилүү экенине токтолду.
Sputnik
Алмазбекова: 6-апрелде кыргыз дизайнерлеринин кийим жарманкеси өтөт

Кыргызстандын негизги ресурсу — бул эл. Ошондуктан адамдардын аң-сезимин руханий жактан азыктандырып, маданиятты көтөрүү керек. Мындай пикирин Айымжан Алмазбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 24-марттан 7-апрелге чейин өлкөдө "Маданият төңкөрүшү" деген долбоордун алкагында иш-чаралар өтүп, өзү мода секторунда иш алып бармакчы.

"Мода, кино, IT технология, музыка жана башка тармактар боюнча көргөзмөлөр уюштурулуп, сүйлөшүүлөр жүрөт. Мен мода секторунда иш алып барам. 6-апрель күнү кыргыз дизайнерлеринин кийим жарменкеси элге сунушталат. 4-апрелде болсо чет мамлекеттен мода жаатында билим алган, билим алып жаткан, ушул тармакта ийгиликтүү иш алып барган кыргыз дизайнерлери тажрыйбасы менен бөлүшөт", — деди Алмазбекова.

Ал 24-марттан баштап социалдык тармактарда "кыргызстандык дизайнерлердин кийимин кием" деген хештег менен флешмоб башталарын кошумчалады.