Сезон ачылды! Бишкекте 1000 велосипедчи көчөлөрдү аралады

Финишке жеткен бардык велосипедчендер үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар менен конкурстар уюштурулду.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте 24-март күнү велосезондун ачылышы болду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Миң велосипедчен адам жүрүштү "Революциянын каармандарына" деген эстелик-монументтин (Чүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуянын эстелиги) жанынан баштап, Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркына чейин барышты.

Финишке жеткен бардык велосипедчендер үчүн көңүл ачуучу иш-чаралар менен конкурстар уюштурулду.

Велосезон иш-чарасы 2006-жылдан бери өткөрүлүп келет. Максаты - элди сергек жашоого чакыруу.