Бишкекте хоккей боюнча эл аралык турнир башталды. Сүрөт

Мелдешке Россия, АКШ, Чехия, Латвия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан сегиз команда катышат.
Sputnik

БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бүгүн, 24-март күнү, шаардык муз аянтында 2009-жылы жана андан кийин туулган балдар арасында Бишкек мэринин кубогунун ачылышы болду.

Мэриянын маалымат кызматынын маалыматына караганда, иш-чарага хоккейчи балдардан тышкары вице-премьер Алтынай Өмүрбекова, калаа жетекчиси Азиз Суракматов, Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору Канат Аманкулов катышты.

Мелдешке Россия, АКШ, Чехия, Латвия, Өзбекстан, Казакстан жана Кыргызстандан сегиз команда катышат. Иш-чара 29-мартта аяктайт.