Түрмөдөн чыккан чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу тартиби аныкталды

Кыргызстандан чыгарууга кеткен каражат өкмөт тарабынан тескелмекчи.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Тышкы миграция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу" мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2019-жылдын 13-февралында кабыл алынган.

"Мыйзамдын максаты — чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды жазасын өтөгөндөн кийин Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары чыгарып жиберүүнүн тартибин тактоо. Мында алардын Кыргызстандын аймагында жүрүүгө мыйзамдарда белгиленген негиздери болбошу керек. Аталган жарандарга карата алардын жасаган кылмышынын оордугуна же жасаган жосуну үчүн санкциянын категориясына жараша Кыргызстанга кирүү укугунан ажыратуу мөөнөттөрү аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Чет өлкөлүк жарандарды же жарандыгы жок адамдарды Кыргызстандын чегинен тышкары чыгарып жиберүү боюнча мамлекеттик органдардын өз ара аракеттенүү жана чыгымдарды каржылоо тартиби өкмөт тарабынан аныкталмакчы.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.