Панфилов паркында аттракциондон кыз кулап, ооруканага түштү

Окуя 21-мартта күндүз Нооруз майрамы учурунда болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Нооруз майрамында борбордогу Панфилов паркындагы аттракциондон кыз кулап түшкөн. Бул туурасында Instagram тармагындагы видеодо айтылат. 

Бишкекте 6-кабаттан секирген кызды милиционерлер тосуп алды. Видео
Кадрлардан аттракционго бир нече адам менен дарыгерлер чогулуп, жерде жаткан кызга суроо берип, биринчи жардам көрсөтүп жатканын көрүүгө болот. Бир канча убакыттан кийин жабыркаган адамды медициналык замбилге салып алып кетишкен.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмазбек Кубатбеков Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысына билдиргендей, кыз нейрожаракат бөлүмүнө жаткырылып, ага "баш мээси чайкалган" деген диагноз коюшкан. Абалы туруктуу.