Окумуштуулар терини картайтпай турчу мөмөлөрдү атады

Мөмө-жемиштердин курамындагы флавоноид жана физетин заттары картаюуга каршы тура алары айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кулпунай менен алманы тамак-ашка байма-бай колдонуп туруу адамдын терисин картаюудан коргойт. Бул туурасында "Известия" басылмасы жазды.

Окумуштуулар өлүмдү эрте чакырган азык-түлүктөрдү тизмектеди
Басылманын маалыматына ылайык, америкалык окумуштуулар алма менен кулпунайдын курамында картаюуну жайлатканга жардам бере турчу флавоноид жана физетин заттары бар экендигин аныктай алышкан.

Ошол эле учурда адистер башка мөмө-жемиштерде аталган заттар аз өлчөмдө болорун белгилешкен.

Буга чейин окумуштуулар ысык чайдын кайсы рак оорусун жаратарын айткан болчу.