Үрөй учат! Иракта 100дөй кишиси менен оодарылып кеткен паромдун видеосу

Туристтик паром Мосул шаарына жакын Тигр дарыясында оодарылып кеткен. Алдын ала маалымат боюнча кырсыкка ашыкча жүк жана суу деңгээлинин жогорулашы себеп болгону айтылууда.
Sputnik

Болгону 50 киши алып жүрө алчу кайыкка эки эсе көп адам түшүп алган.

Каргашанын видеосун RT жарыялады.

Окуя 21-март күнү болгон. Кээ бир маалыматтар боюнча кырсыктан 85, айрымдарында 96 киши каза тапканы айтылып жатат.