Кыргызстандык боксчу атаандашынын айласын кетирип жеңип алды. Видео

Боксчуларга алты раунд берилген. Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта эле Тургумбеков активдүүлүгүн көрсөтүп, каршылашын үчүнчү раундда багынууга мажбур кылган.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Эржан Тургумбеков бокс боюнча профессионалдар арасындагы турнирде россиялык атаандашы Александр Куимчидини мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Мелдештин видеосу RCC Boxing Promotions уюмунун Facebook баракчасында жүктөлгөн.

Турнир ушул тапта Екатеринбург шаарында өтүп жатат. Анда Тургумбеков 59 килограмм салмакта россиялык Александр Куимчиди менен беттешкен.

"Боксчулар алты раунд кармашышы керек эле. Беттештин алгачкы мүнөттөрүнөн тарта Тургумбеков активдүүлүгүн көрсөтө алды. Ал рингдин ортосун ээлеп, атаандашынын шаштысын кетирди. Үчүнчү раундда бир нече ирет сокку узаткан. Мындан улам Куимчинин командасы беттешти улантуудан баш тартты", — деп айтылат уюмдун социалдык баракчасында.

Ушуну менен кыргызстандык боксчу профессионалдар арасындагы карьерасында алтынчы беттешин ийгиликтүү аяктап жатат.

Эске сала кетсек, ушул эле турнирде дагы бир кыргыз мушкери Акжол Сулайманбек уулу WBA Asia — чемпиондук наамын коргойт.