Бишкекте чет элдик студентти карактоого шектелип 4 улан кармалды. Сүрөт

Кармалгандардын баары 2000-жылы туулган балдар.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Борбор калаада окуган чет элдик студентти карактоого шектелип төрт бала кармалды. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Бишкекте чет элдик студентти карактоого шектелип 4 улан кармалды. Сүрөт

Милиция: Токмокто жүргүнчү таксистти сабап, машинасын айдап кеткен
Билдирмеге караганда, Пакистандын 18 жаштагы жараны милицияга кайрылган. Ал 12-мартта Эл аралык медицина университетинин жанынан азиат түспөлүндөгү төрт адам күч колдонуу менен 13 900 сомдук телефонун тартып алганын айткан. Андан соң каракчылар из жашырып кетишкен.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 201-берененин 2-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголган.

Ыкчам иштердин алкагында 20-март күнү шектүүлөр кармалып, Бишкек милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Төртөө тең 2000-жылы туулган балдар, үчөө Бишкектин, бирөө Балыкчынын тургуну экени аныкталды.