Бишкекке алгачкы ирет Россиянын ММА федерациясынын башчысы келди

Ушул дем алыш күндөрү ММА боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Анын алкагында International PRO2 "Россия vs Кыргызстан" мелдеши тартууланат.
Sputnik

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. 22-мартта Бишкекке Россиянын ММА федерациясынын президенти Радмир Габдуллин учуп келгенин Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) маалымат кызматынан кабарлашты.

Алгач Габдуллин БШК төрагасы, ММА жана панкратион федерациясынын ардактуу президенти Жаныбек Абиров менен жолуккан.

"Россиянын ММА өкүлдөрү Кыргызстанга биринчи жолу келип жатат. КРдин чемпионаты жана өспүрүмдөр арасында биринчилик өткөрүлөт", — деп айтылат маалыматта.

Чемпионаттын алкагында International PRO2 "Россия vs Кыргызстан" мелдеши тартууланат. Турнирлер борбордогу "Газпром балдарга" ден соолукту чыңдоо борборунда болот.