Радио

Муканбетова: Кыргызстанда креативдүү экономика өнүгүшү зарыл

Программалык камсыздоолорду жана кызматтарды өндүрүүчүлөрдүн бирикмесинин аткаруучу директору Ширин Муканбетова өлкөдө IT тармагы жылдан-жылга өнүгүп жаткандыгын айтты.
Sputnik
Муканбетова: Кыргызстанда креативдүү экономика өнүгүшү зарыл

Кыргызстандыктар IT тармагын мыкты өздөштүрүп, үйдөн деле акча тапса болорун билип калышты. Мындай киреше булагын негизги ишине айландырган жаштардын саны жылдан-жылга көбөйүдө. Бул тууралуу Ширин Муканбетова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде "Маданият төңкөрүшү" долбоору тууралуу маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, креативдүү экономиканын өнүгүшүнө IT жааты чоң салым кошо алат.

"Жергиликтүү жаштардын жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөргө болгон кызыгуусу күч. Жөн гана кызыгып тим болбой, билимин өркүндөтүп, ийгиликтерге жеткендери да жок эмес. Биздин бирикме ушул багытта жардам берет. "Маданият төңкөрүшү" долбоорунда да өзгөчө аймактан келген жаштарга интернеттеги акча табуу ыкмаларын үйрөтүүгө басым жасайбыз деп турабыз. Кызыккандарга биздин биринчи көрсөтчү жолубуз бул креативдүү ишкерлик жасоо болуп эсептелет. Башкача айтканда, кадимки эле товарды чыгармачылык ой жүгүртүү менен кардарларга сунуштоо. Бул багытта IТ технологияларынын орду чоң", — деди программист.

Ал аталган долбоордун алкагында Ош жана Каракол шаарларында да IT жаатын жакындан таанып-билүү боюнча иш-чаралар уюштуруларын кошумчалады.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 24-мартынан 7-апрелине чейин бир топ демилгечи жаштардан куралган топ "Маданият төңкөрүшү" деген иш-чара өткөрүүдө. Анда ар кайсы тармактын адистери мастер-класстарды өтүшөт. Иш-чаранын максаты — кыргыздардын этномаданиятын жайылтуу.