Жалал-Абадда жол тазалап жаткан эки кызматкерди кар көчкү басып калды. Видео

Окуя 21-мартта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров жолунун 93-94-чакырымында болгон.
Sputnik

Жалал-Абадда жолду тазалап жаткан бульдозерди жана андагы эки кызматкерди көчкү басып калып, жакын жерде жүргөн кесиптештери экөөнү тең аман чыгарып алды. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин райондогу №27 жол тейлөө мекемесинин башкы инженери Талант Субаналиев билдирди.

Аталган аймактагы кар көчкү боюнча маалыматты ӨКМ дагы тастыктады.

Окуя 21-мартта Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров жолунун 93-94-чакырымында болуп, көчкү түшүп жана куткаруу иштери болуп жаткан учур видеого тартылып калган.

"Эртең мененки саат 7.00дөн тарта жолду тазалап жатканбыз. Саат 16.50лөр чамасында бульдозер менен эки кызматкер иштеп жаткан жерге болжол менен 2 миң кубдай кар көчкү түштү. Жакын жерде мекеменин 10го жакын кызматкери бар болчу. 10 мүнөткө жетпей көчкү алдында калгандарды кар күрткүсүнөн чыгарып алдык. Алардын абалы жакшы", — деди Субаналиев.

Ал эми техниканын айнектери сынып, тетиктеринин бир-эки жерине зыян келтирилгени кошумчаланды.